Зеленский ишке баратып деңизге чумкуду. Видео

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСъезд партии "Слуга народа" в Киеве
Съезд партии Слуга народа в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алып жүргөндөр президентке суу муздак экенин эскертишкен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Одессада эс алып жүргөндөр менен чогуу кара деңизге түштү. Анын видеосу президенттин аппаратынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодон Зеленский командасы менен деңиз жээгине келип, эс алып жаткандар менен суу канчалык жылуу экени тууралуу сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Сууга түшөр алдында ошол жердеги аялдардын бири президентке суунун температурасы 16 градус экенин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0