Түрк кондитери Путинге арнап пирог жасады. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин на Петербургском международном экономическом форуме. День второй
Президент РФ В. Путин на Петербургском международном экономическом форуме. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк кондитери 2012-жылы 2023 метрлик пирог жасап, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түркиянын Бурса шаарынын кондитери Хасан Аджар Россиянын президенти Владимир Путинге түрктөрдүн улуттук пирогун (бөрек) жасап белек кылды.

Аджар бул белегин Россиянын С-400 зенит-ракеталык комплексинин Түркияга келишине арнаган.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Таджикистан для участия в СВМДА - Sputnik Кыргызстан
Путин Си Цзиньпинге туулган күнүндө балмуздак менен торт белек кылды. Видео
​Ал жасаган тамагы Путинге тез жетет деген ниетин билдирип, президентке "Тамагыңыз таттуу болсун", — деди.

Түрк кондитери 2012-жылы 2023 метрлик бөрек жасап, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Белгилей кетсек, Түркия С-400 зениттик-ракета комплексинин төрт дивизионун сатып алуу үчүн 2017-жылы 2,5 миллиард долларга келишим түзгөн. Курал-жарактын жарымын Түркия өзү төлөсө, калган бөлүгү Россия берген насыянын эсебинен кыскарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0