АКШда төрөлгөн өзгөчө наристе элдин үрөйүн учурду. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖитель Таласа продал своего двухлетнего сына
Житель Таласа продал своего двухлетнего сына - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач дарыгерлер кыздын бетин жаап турган кара такты тери рагы деп ойлошкон.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШнын 35 жаштагы тургуну Кэрол Феннер бетинин теңинен көбү кал болгон кыз төрөгөн. Бул тууралуу Metro гезити кабарлады.

Маалыматка ылайык, башында дарыгерлер кыздын бетин жаап турган кара такты тери рагы деп ойлошкон. Бирок анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

"Анализдеринин жыйынтыгын угуп жеңилдеп калдык. Дарыгерлер үч айда бир дерматологго көрүнүп турасыңар деп үйгө чыгарган", — деди кыздын энеси.

Керол Феннер кызынын сүрөтүн соцтармакка жүктөй калып, колдонуучулардын кеп-сөзүнө калган. Кээ бирлер "түрү суук экен" дегенге чейинки комментарийлерди жазышкан.

"Алар менин кызымды көрүп алып нес абалда калышса керек. Мен деле таң калмакмын. Бирок сындаган кептерди жазардан мурда ойлонушса", — деди Феннер.

Анткен менен айрым интернет колдонуучулар "өзгөчө" кызга суктанып, бул бүлөнү колдоону чечишкен.

Азыркы тапта Лунанын ата-энеси чүрпөсү чоңойгондо кыйынчылыктарга тушугуп калбашы үчүн анын калын кетирүү жолдорун издешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0