Зеленскийдин кортежи балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента Украины В. Зеленского во Львов
Рабочая поездка президента Украины В. Зеленского во Львов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киев шаарына бара жаткан кортеждин ичинде Зеленский өзү болгон эмес.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленскийдин кортежиндеги автоунаа балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кырсык 14-июль күнү Запорожская облусунда болду.

"Балдарды эс алуудан артка алып келе жаткан автобустар колоннасын президенттин кортежиндеги Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү эки жеңил автонунаа жана коопсуздук кызматынын бир автобусу озуп өтүүгө аракет кылган. Ошол маалда бир жеңил унаа менен балдар бара жаткан  автобус сүзүшкөн. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат маалыматта.

Киев шаарына бара жаткан кортеждин ичинде президент Зеленский өзү болгон эмес. Анткени ал учак менен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0