Кабаанак иттер кожоюнун эч нерсесин калтырбай жеп салды. АКШдагы окуя

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ
Вяземский кинологический центр погранслужбы ФСБ РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ээсинин өз иттерине жем болгонун ДНК анализи менен аныктоого туура келди.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Техас штатынын (АКШ) 57 жаштагы тургунун өзүнүн иттери эч нерсесин калтырбай жеп салды. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазды.

"Фредди Мэк аттуу жаран Винес шаарынын четиндеги эл көп каттабаган жерде, обочолонуп турган үйдө жашачу. Ал кишиге жологусу келбей жалаң ит багып, ошолор менен күн кечирчү. Акыркы айларда анын үйүндө 18 ит бар болчу",  — деп айтылат маалыматта.

Туугандары тамак-ашын ташып, айына эки ирет келип-кетип жүргөндүгүн айтышат. Мэктин жок болуп кеткенин жакындары байкап калышкан.

"Апрелден бери байланыша албай жаткан туугандары полицияга май айында кайрылган. Аларды үйгө албууттанган иттер киргизбей жүрүптүр. Дрон менен карашканда дагы жыйынтык болгон эмес. Полиция иттерди алаксытып, үйдү, короону карап чыкканда иттердин кыгынан кийим, сөөк жана чачтардын калдыктарын тапкан. ДНК анализи аркылуу алар Мэкке тиешелүү экени аныкталды", — деп жазылат макалада.

Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчунун бетин ит жеп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган окуя
Мындан улам, полиция иттер кожоюнун эч нерсесин калтырбай жеп салган деген бүтүмгө келди.

Полиция кызматкерлери үй жаныбары ээсинен эч нерсе калтырбай жеп койгон учурду биринчи жолу көрүп атканын айтышты.

Ашынган агрессиясы үчүн 13 ит өлтүрүлдү. Ага чейин алар эки итти өздөрү жеп коюшуптур. Дагы үчөө кароосуз калган жаныбарлар кармалган жайга жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0