Димаш Лара Фабиан менен ырдап чыгарын айтты

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүДүйнөгө белгилүү ырчы, франциялык Лара Фабиан. Архив
Дүйнөгө белгилүү ырчы, франциялык Лара Фабиан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык жаш аткаруучунун франциялык атактуу ырчы менен дуэт жаздырары эки жыл мурда айтылган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Казакстандык аткаруучу Димаш Кудайберген дүйнөгө белгилүү франциялык ырчы Лара Фабиан менен дуэт ырдап чыкмай болду.

"Жакында сиздерге World Music Awards сыйлыгынын ээси Лара Фабиан менен жаңы дуэтти тартуулайбыз" , — деп жазган Instagram баракчасына.

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

Лара Фабиандын ыры жаш ырчыга буга чейин ийгилик алып келген. Кытайда өткөн сынакта ал Adagio ырын аткарып, жеңишке жеткен.

Франциялык ырчы муну жогору баалаган.

2017-жылы Димаштын атасы жана продюсери Канат Айтбаев 2017-жылы Лара Фабиан менен биргеликте ыр жаздыруу аракетинде жүргөндүгүн айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0