Автоунаасын уурдаткан аял кылмышкердин изине түшүп, андан кайра айдап качты

© AFP / FAYEZ NURELDINEАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаанын ээси полиция ууруну кантип кармап жатканын видеого тартып, интернетке жарыялган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Американын Миссури штатынын тургуну Даниэль Рено автоунаасын айдай качкан уурунун сары изине түшүп отуруп таап алды. Бул туурасында The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Окуя Клей аймагындагы май куюучу жайда болгон. Ал Toyota 4Runner үлгүсүндөгү машинасын токтотуп дүкөнгө кирип, кайра чыгып эле таппай калган.

Рено полицияга арыз жазып, өз алдынча да издей баштаган. Уурдалган машинасында банктын картасы жана уюлдук телефону калып калган экен. Мындан пайдаланып, ал смартфондун GPS системасы аркылуу уурунун сары изине түшүп, 48 сааттан кийин автокөлүгүн таап алган. Ууру машинаны кафенин алдына токтотуп кеткенде, чыныгы ээси барып айдап келе берген. Анан ал бир чакырымдай ары барып полицияга кабар берген.

Кубанган автоунаанын ээси полиция ууруну кантип кармап жатканын видеого тартып, интернетке жарыялган.

Жаңылыктар түрмөгү
0