БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Instagram колдонуучулары баракчасына жүктөгөн сүрөт, видеолоруна канча адам же ким лайк койгонун өзү гана көрө алат. Учурда мындай функция Австралия жана Япония баштаган жети өлкөдө сыноодон өтүп жатканын Instagram сервиси Twitter баракчасына жарыялады.
We’re currently running a test that hides the total number of likes and video views for some people in the following countries:
— Instagram (@instagram) 17 июля 2019 г.
✅ Australia
✅ Brazil
✅ Canada
✅ Ireland
✅ Italy
✅ Japan
✅ New Zealand pic.twitter.com/2OdzpIUBka
Instagram сервисинин Австралия жана Жаңы Зеландия боюнча жооптуу кызматкери Миа Гарлик бул бир катар колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болорун айткан. Мындай система катталуучусу аз адамдарга "эч ким лайк койгон жок" деп корунбай эле аталган кызматты пайдалана берүүсүнө жол ачат деп түшүндүргөн.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин климат маселеси боюнча саммитке катышат. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.
Талкуу 22-23-апрель күндөрү онлайн-форматта өтөт.
"Саммитте Путин Россиянын климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепетин жоюуга багытталган кадамдары тууралуу кеп кылат", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин АКШ президенти аталган саммитке катышууга 40 мамлекеттин башчысын чакырган. Анын ичинде Путин да бар эле.
Америка бийлиги апрелде өтчү талкуу айлана-чөйрөгө чыгарылып жаткан зыяндуу калдыктарды азайтуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө арналарын айткан.
Кыргызстандык чемпион кыздын беттешин утурлаган ролик UFC уюмунун расмий YouTube-каналына жарыяланды.
Видео UFC уюмунун комментаторлору бир учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеген Аманда Нуньеске тең келе турган мушкер айым ким болорун талкуулап жаткан жерден башталат. Алардын пикиринде, Нуньеске Шевченко гана чакырык таштай ала турган жалгыз талапкер.
"Ким чакырык таштай алат деп ойлойсуң! Сен анын ким экенин билесиң! Валентина Шевченко", — деген алып баруучулардын бири.
Видеодо ошондой эле алдыдагы мелдештин башкы беттештерине чыгуучу мушкерлердин даярдыктары, алардын мурдагы таймаштарындагы мыкты нокауттары, жыга чапкан соккулары көрсөтүлөт.
"Жеңил салмактын ханышасы эң жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде менен кез келет", — деп айтылат видеодо.
Роликте байкалгандай, Шевченконун машыгуусу Невада штатында Боулдер Сити шаарында өткөн. Бул болжол менен Лас-Вегастын түштүк-чыгыш тарабынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилле шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.
Мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.