"Сиз Путинсизби?". Россия лидери менен бөбөктүн диалогунун видеосу

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин посетил Иркутскую область
Президент РФ В. Путин посетил Иркутскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин суу ташкынынан жабыркаган Иркутск облусун кыдырган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент жабыркаган үй-бүлөлөрдүн бири менен жолугушкан учурда жеткинчектердин бири президентке суроо менен кайрылды.

Президент менен өспүрүмдүн диалогун RT телеканалы Telegram каналына жарыялады.

Видеодон экөөнүн диалогун көрүүгө болот.

- Сиз Путинсизби? — деп сураган бала.
- Ооба. Сенин атың ким? — деген Россия лидери жооп берип жатып.

- Матвей Сафронов Николаевич, — деген тыкылдаган бөбөк.
- Саламатсыңбы, Матвей Николаевич!? — деп ага чоң кишидей мамиле жасап учурашкан Путин.

Иркутск облусунда июнь айынын соңунда каптаган суу ташкынынан 25 киши каза болуп, жети киши дайынсыз болууда. Суу ташкыны учурунда аймактагы 107 калктуу конуш суу алдында калган. Жаратылыш кырсыгынан 38 миңден ашык киши жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча, миңдеген үйлөр толугу менен жараксыз абалга келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0