Аялдарга өзгөчө кооптуу. Дарыгерлер кант диабетинин жаңы коркунучун таап чыкты

© AP Photo / John LocherКант диабети менен ооруган аял. Архив
Кант диабети менен ооруган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин адистер кант диабети тууралуу иликтөө кылганда, бул илдет адамдын жынысына карап организмге эки башкача таасир этерин билишкен.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Окумуштуулар кант диабети менен жабыркаган аялдар кабылуучу дагы бир ооруну аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды. 

Буга чейин адистер кант диабети тууралуу иликтөө кылганда, бул илдет адамдын жынысына карап организмге эки башкача таасир этерин билишкен.

"Анда кант диабетинен жапа чеккен аялдарда инсульт, рак жана акыл-эс ооруларына чалдыгуу тобокелдиги жогорураак экени аныкталган. Ал эми жаңы иликтөө кант диабети жүрөк кан-тамыр ооруларын да чакыраары белгилүү болду", — деп жазылат макалада.

Мисалы, биринчи типтеги кант диабети аялдарды эркектерге караганда жүрөк кемтигине 47 пайызга көбүрөөк чалдыктыра тургандыгы кабарланган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0