БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik.Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоодо беш партия өткөндүгү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгында айтылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Алдыда Владимир Зеленскийдин "Слуга народа" партиясы 43,9 пайыз менен келе жатат, андан кийинки орунда 11,5 пайызы менен "Оппозиционная платформа - за жизнь", үчүнчү болуп 8,9 пайыздык көрсөткүчтө "Европейская солидарность" турганы маалымдалды. Акыркы партия мурдагы президент Петр Порошенкого таандык.
Зеленский шайлоодон кийин элге ыраазылыгын билдирди. Анын партиясынын парламентке өтүшү мыйзам демилгелеринин ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк берерин айтты. Мамлекет башчысы жаңы прокурорду дайындоого убада берди. Президенттин импичменти жөнүндө мыйзамды кабыл алуу туурасында да айтты. Партиянын лидери Дмитрий Разумков депутаттык кол тийбестикти алууну колдой тургандыктарын билдирди.
Эске салсак, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып жиберип, кийинки шайлоо дайындалган.