Boeing 737 MAX учактары. Архивдик сурөт

346 кишинин өмүрүн алган Boeing 737 MAX учактарынын "көрүстөнү". Сүрөт

697
(жаңыланган 09:38 23.07.2019)
Учууга тыюу салынган 35 учактын казкатар тизилип турганын сүрөткө тартып алышкан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Улам кайталанган кырсыктан кийин учуусуна тыюу салынган Boeing 737 MAX үлгүсүндөгү учактар атайын жайда токтоп турат. Бул туурасында РИА Новости жызып чыкты.

Daily Mail басылмасы дүйнөдөгү эң чоң учак көрүстөнү аталган Түштүк Калифорниянын логистикалык аба майданында 35тен ашуун Boeing 737 MAX учагы казкатар тизилип турганын маалымдаган. Алар учууга уруксат берилгенге чейин ушул жайда кармалат.

​Boeing компаниясынын эң көп сатылган бул үлгүдөгү учагы 2018-жылдын октябрь айында Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан. Арадан төрт ай өтпөй Эфиопияда да кырсыктап, 157 киши набыт болгон. Компаниянын аткаруучу директору Деннис Муйленбург эки аварияда тең техникалык ката кеткенин моюндаган.

697
Белгилер:
учак, кырсык, Индонезия, Эфиопия, чектөө, тыюу салуу
Тема боюнча
Тик учак көп кабаттуу имаратка урунуп күйүп кетти. Нью-Йорктогу видео
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

16
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

16
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты

91
(жаңыланган 21:51 20.09.2021)
Бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26 адам жаракат алган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Россия лидери Владимир Путинге жана Россия элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун кесепетинен адам курмандыктары болгон окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Ошентип, шектүү кармалган.

91
Белгилер:
Россия, Пермь, ок чыгаруу, өлүм, полиция
Тема боюнча
Пермь университетинде студент ок чыгарып, 8 киши каза тапты. Видео
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы