Кытай: 7 ай ичинде коррупцияга аралашкан 250 миңге чукул аткаминер жоопко тартылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Си-Цзиньпинь бийликке келгенден тарта коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурула баштаган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кытай бийлиги жыл башынан бери коррупциялык жана дисциплинардык мыйзам бузганы үчүн 254 миң аткаминерди жоопко тартты. Алардын ичинде жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген 20 киши бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Заключенный в наручниках в Кальяо - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси ири сумма акчаны кымырган деп кармалды
Кытай 2019-жылы да коррупция менен катуу күрөшүп жатат. Өлкө жетекчилигинин билдиришинче, коррупция - алдыга коюлган максаттарга жетүүдөгү эң негизги тоскоолдук.

2019-жылдын алты айында түрдүү аткаминерлерге даттанган 1,6 миллиондон ашык арыз түшкөн. Анын алкагында 351 миң иш козголгон.

Былтыр, 2018-жылы, коррупциялык иштерге катыштыгы үчүн 620 миң аткаминер жазаланган. Анын ичинде министрлик деңгээлдеги 51 киши  бар.

Си-Цзиньпинь бийликке келгенден тарта коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурула баштаган. Андан бери 1,5 миллион киши партиянын жол-жобосун бузганы жана коррупцияга аралашканы үчүн өз жазасын алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0