БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бразилиядагы Сан-Паулу университетинин окумуштуулары эртең мененки тамакты ичпегендик өспүрүмдөрдүн толуп кетүүсүнө жана 2-типтеги кант диабети менен жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин айтышкан. Бул туурасында MedicalXpress сайтында кабарланды.
Адистер 12-17 жаш курагындагы 3528 өспүрүмдү байкоого алган. Алар Европанын ири 10 шаарында жана Бразилияда жашаган балдар-кыздар болгон.Эки тарапта жашаган балдардын жашоо образы, спорт менен машыгуусу, кыймылдуу болушу, тамак-ашы жана анын рациону, ооруп калуу тобокелдиги изилденген. Муну менен кошо эле денесинин салмагы, бою менен белинин канча экенин да кошо катташкан.
Окумуштуулар изилдөөгө алынгандардын тамак ичүүсү боюнча маселеге келгенде, нанүштө ичпей койгондордун толуп кетүү ыктымалдыгын баса белгилешкен.
Эртең мененки тамакка табити тартпаган эркек балдардын белин ченей келгенде тамак жебегендерге караганда 2,13-2,61 сантиметрге чоңураак болгондугу аныкталган. Ал эми кыздардыкы 1,97 сантиметрге жоондук кылган. Алардын денесинин салмагы да көбөйгөн.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Пакистандын өкмөтү россиялык "Спутник V" вакцинасын чукул кырдаал учурунда колдонууга уруксат берип, жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга аны сатып алууга жана таратууга жол ачты. Бул тууралуу ЖМКларга таянып, РИА Новости жазды.
Россиялык вакцина өлкөдө колдонууга уруксат берилген үчүнчү дары болгон.
"Пакистандын Дары-дармектерди тескөөчү органынын (Drap) каттоо кеңеши өткөргөн жыйында өзгөчө кырдаалдарда дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берилди. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштелип чыккан вакцина", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле AGP жергиликтүү фармацевтикалык компаниясы россиялык вакцинанын жалгыз импорттоочу жана дистрибьютери болорун белгиледи.
Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын "За рулем" журналы тез эле дат басып кеткен беш автоунааны атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка таянсак, биринчи чыккан Lada Granta үлгүсүндөгү автокөлүктөрдү тез дат басып кетиши ыктымал.
Журналда жазылгандай, Lada Granta автокөлүгүнүн капотунун алды жана түбүнүн капталдары сырдалбагандыктан тез дат басат. Автоунаа ишке берилген соң үч-төрт жылдан кийин анын эшигинин алды менен босогосунда дат пайда болушу ыктымал.
Журнал муну сапатсыз цинк менен каптоо менен байланыштырган.Басылма седанга караганда, лифтбек алууну сунуштаган. Анткени анын кузову даттан корголуп жасалат.
Тез дат басып кетүү көйгөйү Renault Logan жана Sandero үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине да келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, мындай автокөлүктөрдө дат бир нече кыштагандан кийин пайда болушу ыктымал. Мында да седандардын каррозияга кабылары айтылды.
Анча кымбат эмес кроссоверлердин арасынан Skoda Yeti автоунаасы да жогорудагыдай "илдетке" тез кабылган автоунаалардын катарына кирген.
Тез дат баскан жагынан алдыга Россияда чыгарылган жолтандабас "Патриот" аттуу УАЗ чыккан. Маалым болгондой, дат анын 2018-жылы чыккан үлгүлөрүнөн табылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.