"10 жыл кыялдангам". Түркия мугалими Стамбулдан Бишкекке велосипед менен келди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВелосипедчен адам. Архив
Велосипедчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалим алты миң чакырымдай жол баскан. Велосипедчинин айтымында, бир күндө 85 чакырымдан арбытып отурган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Түркиялык окутуучу Мустафа Аксой Стамбулдан Бишкекке чейин велосипед менен жеткендигин Daily Sabah жазды.

35 жаштагы дене тарбия мугалими баш-аягы 5747 чакырым жолду 80 күндө басып өткөн.

Окутуучу журналисттерге берген маегинде суткасына 85 чакырымдан жол жүргөндүгүн айткан.

​"Мен Бишкекке келдим, себеби бул жер менин ата-бабаларымдын мекени. Аталган сапарга чыгууну 10 жылдай кыялдангам", — деп түшүндүргөн Аксой.

Ал жооптуу жолоочулуктун алдында ар бир чакырым жерди алдын ала карап, эсептеп чыккандыгын айтып берген.

"Бишкекке пландаган 99-100 күндөн эртерээк келдим", — деген ал.

Мугалим эми жол сапарын жазууга камданып жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0