Күндүн ысыгы эркектин бел кубатына таасир этет. Иликтөө

Жазылуу
Дарыгерлер кышы узак өлкөлөрдө жашаган эркектерге маал-маалы менен D витаминин ичип турууну сунуштайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Күн канчалык ысыса, эркектин бел кубатына ошончолук пайдалуу экенин Улуу Британиянын окумуштуулары аныкташты. Бул тууралуу аларга таянып The Sun басылмасы жазды.

Адистер эркек үчүн мындай "ийгиликке" күндөн алынган D витамини себепкер деп эсептейт.

"Организмде D витамини көбөйгөн сайын эркекти эркек кылган тестостерон гормону көбүрөк иштелип чыга баштайт. Мындан улам эркекте өзүнө ыраазы болуу, бекем ишеним пайда болуп, интимдик жашоосу активдешет", — дейт окумуштуулар.

Пары в КР - Sputnik Кыргызстан
Аялдар төшөк кумарынан эмнеге баш тартат. Адистердин жаңы иликтөөсү
Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 2 миң эркек катышкан иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында мырзалар январь айына караганда июнда сүйүктүүсүнүн жанында болууну 33 пайызга көбүрөөк каалап каларын билишкен.

Андыктан дарыгерлер кышы узак өлкөлөрдө жашаган эркектерге маал-маалы менен D витаминин ичип турууну сунуштайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0