Митингде кармалгандардын көбү москвалыктар эместиги айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНесанкционированная акция в поддержку кандидатов в депутаты Мосгордумы
Несанкционированная акция в поддержку кандидатов в депутаты Мосгордумы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциясына 3,5 миңдей киши катышкан. Анын ичинде 700дөн ашык журналист менен блогерлер да болгон.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Москванын борборундагы мыйзамсыз митинг учурунда түрдүү тартип бузганы үчүн 1 074 киши кармалды, бирок алардын көбү аталган шаардын тургундары эмес. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шымкентте массалык башаламандык болду. Видео
ИИМдин Москва шаары боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы кармалгандарга мыйзамда каралган чаралар көрүлгөндүгүн айтты. Митинг калаа бийлиги менен макулдашылган эмес. Нааразылык акциясынын маалында Россиянын Улуттук гвардиясынын эки жоокери жаракат алган.

Каршылык акциясына 3,5 миңдей киши катышкан. Анын ичинде 700дөн ашык журналист менен блогерлер да болгон.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда 27-июлда Москва өкмөтүнө каршы митингге чыгууга чакырыктар жайылган. Бул акцияны топтогон колдору жарабай калып, Москва шаардык думасына талапкер катары катталбай калгандар уюштурган.

Шаардын мэри Сергей Собянин баш аламандык уюштуруу жакшылыкка алып келбей турганын буга чейин маалымдаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0