Американын тургуну "тааныш аялынын мээсин жеген" деп айыпталууда

© AP Photo / Eric RisbergОсужденный в тюрьме Сан-Квентин в штате Калифорния
Осужденный в тюрьме Сан-Квентин в штате Калифорния - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш иши 2014-жылы болгон. 46 жаштагы Тэмми Жо Блантондун сөөгү үйүндөгү ваннадан табылган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Американын Индиана штатынын тургуну Жозеф Берхансли тааныш болуп, катташып жүргөн аялды өлтүрүп, анын мээсин жеген деп айыпталууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Ал андан тышкары маркумдун жүрөгүнүн жарымы менен өпкөсүн да жегени айтылууда.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Төрт баланын энеси эле. Сузакта аялын бычактап өлтүрдү делген киши кармалды
Маалыматка ылайык, кылмыш иши 2014-жылы болгон. 46 жаштагы Тэмми Жо Блантондун сөөгү үйүндөгү ваннадан табылган. Анын денеси учтуу нерселер менен сайгыланып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сөөктүн жанынан мээни, таштанды челектен көмөч казанды жана канга боёлгон кагаздарды тапкан. Полиция шектүү катары 38 жаштагы Жозеф Оберханслини кармаган. Алгач ал жасагандарын моюндап, бирок кийин айткандарынан баш тарткан. Ал дос кызы көп ичип, бузукулар менен жолугушуп жүргөнүн айткан.

Оберхансли буга чейин да 17 жаштагы көңүлдөшүн өлтүргөн деп айыпталып, түрмөгө отуруп чыккан. Андан сырткары, энеси менен карындашына да ок чыгарганы айтылат. Эми ал өмүр бою абакка кесилет. Сот иштери 19-августта башталат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0