Таксисттердин мээсинде кандай өзгөрүү болот? Ар кесипке иликтөө

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин баамында, кишинин иштеген тармагы мээнин иштеши менен көлөмүнө таасир берет.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россия, АКШ жана Бельгиянын окумуштуулар тобу адамдын мээси кишинин тандаган кесибине жараша чоңоюп, кээде кичирейип турарын аныкташты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Илимпоздордун аныктаганы боюнча, эгер киши бир ишти кайталап жасай берсе мээси кичирейет. Мындай кесел көбүнчө космонавттарда байкалат. Көп убакыт асманда болуу жүлүндөгү суюктуктун аз айланышына алып келет. Андан сырткары, адамдын кыймылдуулугу 3,3 пайызга төмөндөйт.

Ал эми таксисттердин мээси дайыма өсүүнүн үстүндө болот. Себеби, алар күн сайын жаңы багыт менен жүрүп, аны жаттап калууга аракет кылышат. Андыктан мээнин жаңы нейрондорду чыгаруучу бөлүгү такай активдүү болуп турат. Бирок айдоочу навигаторду колдонгондон тарта мээнин активдүүлүгү дароо басаңдайт.

Керек болсо шахматчылардын да мээси кичирейип кетиши мүмкүн экен, бирок салыштырмалуу мүмкүндүгү азыраак. Адистер шахматчылардын мээсинин арткы бөлүгү кичирээк экенине көңүл бурушкан. Буга алардын кесиби үчүн дал ушул бөлүк анчейин "ишке аралашпай" турганы себеп болгон. Ушундай эле өзгөрүүлөр лингвисттерде да байкалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0