Индияда кыз-эркеги билинбеген өзгөчө бала төрөлдү. Сүрөт

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүРостовский родильный дом № 5
Ростовский родильный дом № 5 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристенин абалы өтө оор болгондуктан, жарыкка келгенине бир саат боло элек жатып чарчап калган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Индияда сиреномелия синдрому (русалка синдрому) менен жабыркаган ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, төрөт жеңил эле өткөн. Бирок 22 жаштагы эненин ымыркайы буттары балыктыкына окшоп, жабышып төрөлгөн. Мындан улам дарыгерлер анын жынысын аныктай алышкан эмес. Наристенин абалы өтө оор болгондуктан, жарыкка келгенине бир саат боло элек жатып чарчап калган.

​Сиреномелия 100 миң ымыркайдын бирөөндө гана кездешет. Мындай синдром менен төрөлгөн балдардын ички органдары толук өсүп жетилбегендиктен көбү чарчап калат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0