Эркек кандай учурда ала жипти аттайт? Жаңы иликтөө

© Фото / Pixabay/ rawpixelОтношение между парнем и девушкой
Отношение между парнем и девушкой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, эркекти түгөйүнүн көзүнө чөп салууга тестостерон гормону мажбурлайт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Цюрих университетинин (Германия) окумуштуулары эркектер кандай учурда "тетири" басарын иликтеп чыгышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, эркекти түгөйүнүн көзүнө чөп салууга тестостерон гормону мажбурлайт. Муну аныктоо үчүн окумуштуулар 30-40 жаштын ортосундагы 200 эркектин арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

"Аларга жубайы же сүйлөшкөн кызы бар туруп, башка кыз-келиндер менен көңүл ачууга канча ирет баргандыгы тууралуу суроо берилген. Жыйынтыгында жок эле дегенде бир жолу "тетири" баскан эркектердин канында тестостерон гормону ортодон жогору болору аныкталды", — деп жазылат макалада.

Ал эми бул гормону нормада же андан төмөн болгондор бир гана аял менен убакыт өткөрүүгө ыраазы экенин айтышкан.

Анткен менен башка окумуштуулар арасында эркектин аягы суюктугуна тестостерондун тиешеси жоктугу, бардыгы акыл-эстен көз каранды экени айтылып келет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0