Өзүм теңдүүлөр апама кызыгып... Эне-баланын сүрөтү соцтармакты дүң кылды

CC0 / karabadgak6 / Пара
Пара  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жигит апасынын жаш көрүнгөн сырын да ачып берген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Социалдык тармакта 22 жаштагы жигиттин энеси менен сүрөтү катуу талкууга түштү. Аялдын өз курагынан жаш көрүнүшүнөн улам экөөнү кыз-жигит деп кабыл алышууда. Бул тууралуу Dailymail жазды.

Жонатан Нгуен Лос-Анжелесте жашайт. Эне-баланын сүрөтү тез эле популярдуу болуп кеткен.

"Апаң ушундай жаш көрүнгөнү кандай жагымдуу. Бирок өзүң теңдүүлөр көз кырын сала баштаса жиним келет", — дейт жигит.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jonathan Nguyen (@jhnguyeners)

Жонатан апасы дене көнүгүүлөрүн күнүгө жасай турганын айтып берген. Андан тышкары, кайра иштетилген азыктардан таптакыр баш тартып, углеводу аз кето-диетада экенин белгилеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jonathan Nguyen (@jhnguyeners)

"Апама кызыккандар үчүн айтып коеюн, ал 40тан ашты. Жаш көрүнүшүнүн сыры — диета жана көнүгүүлөр. Андан тышкары, терисине мага белгисиз ыкма менен кам көрөт", — деп жазган келиндин уулу.

Соцтармактагылар аялдын сулуулукка кам көргөн өзгөчө сыры деп эсептеп, бөлүшүүнү өтүнгөн каттарды жолдоп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0