Сыра. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар эртең менен баш жазуу кооптуу экенин аныкташты

622
Экспериментке барга келип жүргөн жүздөгөн кардар катышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эртең менен баш жазуу мээнин иштөөсүн басаңдатып, эс тутумду начарлатат. Мындай бүтүмдү Мельбурн жана Австралиядагы Суинберн технологиялык университетинин окумуштуулары чыгарганын РИА Новости MedicalXpress сайтына таянуу менен жазып чыкты.

Окумуштуулар Брисбен шаарынын борбордук районундагы барларга келген жүздөгөн адамдардын катышуусу менен иликтөө жүргүзгөн. Алар кандайдыр бир кечеде ичимдик ичкендин эртеси эртең менен онлайн-сурамжылоодон жана атайын тесттен өтүшкөн. Мунун натыйжасында адамдардын ийгиликтүү жана ыкчам жооп бериши кечинде ичкен ичимдигинин өлчөмүнөн көз каранды экени аныкталган.

Буга чейин россиялык окумуштуулар көп ичимдик ичкен адамдардын генинен мурда белгисиз бир нече затты таап чыгышкан. Анда адамдар эркинин боштугунан же мүнөзүнүн чабалдыгынан көп ичип калары ырасталган.

622
Белгилер:
эксперимент, ичимдик, баш жазуу, адам, Окумуштуу
Тема боюнча
Ичимдикке көбүрөк берилген улут аныкталды
Ууртап-татып отур, каның суюлат! Арак тууралуу миф жокко чыгарылды
Окумуштуулар спирт ичимдиктеринин жаңы коркунучун табышты