АКШда бир сутканын ичинде эки ирет массалык киши өлтүрүү болду

© AP Photo / John MinchilloМассовые расстрелы в Дейтоне
Массовые расстрелы в Дейтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашанын биринчиси Техас, экинчиси Огайо штатында болду.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. АКШнын Дейтон шаарында (Огайо штаты) коомдук жайда элге ок атылып, тогуз адам каза болду.

Окуя жергиликтүү убакыт менен саат 2.00дө (Кыргызстанда 13.00) болуп, эркек киши Орегон аймагындагы барлардын биринде турган адамдарды аткылаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, жеринде тогуз киши көз жумуп, дагы 16 адам оор абалда ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү полиция Twitter баракчасына жеринде укук коргоочулар иштеп жатканын, элге ок чыгарган киши өзү да жок кылынганын жазды.

​Бул бир сутка ичиндеги коомдук жайда ок чыгарган экинчи окуя. Мурдараак Техас штатындагы Walmart соода борборунда 21 жаштагы тургун элди аткылап, 20 кишинин өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0