АКШдагы кыргын: өлгөндөрдүн арасында кылмышкердин карындашы да бар

© REUTERS / BRYAN WOOLSTONСотрудники полиции на месте массовой стрельбы в Дейтоне, штат Огайо, США, 4 августа 2019 года
Сотрудники полиции на месте массовой стрельбы в Дейтоне, штат Огайо, США, 4 августа 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү коомдук жайда кылмышкердин аткан огунан 10 адам мерт болуп, 27си жаракат алды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. АКШнын Дейтон шаарында (Огайо штаты) коомдук жайдагы элге ок аткан кылмышкер өзүнүн бир тууган карындашын да өлтүрүп алды. Бул туурасында жергиликтүү полиция маалымат жыйында маалымдаганын Fox News телеканалы билдирди.

Полиция набыт болгон адамдардын баары бир аймактан табылганын, арасында кылмышкердин 22 жаштагы карындашы Меган Беттс да бар экенин билдирген.

Стрельба в мечети города Крайстчерча в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Мечитте элди аткылагандардын бирин кармап жаткан учурдун видеосу тарады
Буга чейин Огайонун полициясы элге ок чыгарган кылмышкер окуя болгон жерден алыс эмес жердеги Беллбрук шаарында жашаган 24 жаштагы Коннор Беттс экенин кабарлаган.

Кийинчерээк NBC News телеканалы өздүк булактарына таянып шектүүнүн карындашынын жана анын досунун сөөгү автоунаанын ичинен табылганын жазды.

Белгией кетсек, окуя 4-августта жергиликтүү убакыт менен саат 2.00дө (Кыргызстанда 13.00) эркек киши Дейтон шаарынын Орегон районундагы барлардын биринде турган адамдарды аткылаган. Кылмышкердин аткан огунан 10 адам мерт болуп, 27си жаракат алды. Полициянын билдиришинче, куралчан киши бир мүнөттөй ок чыгарып турган.

Бул бир сутка ичиндеги коомдук жайда ок чыгарган экинчи окуя болду. Мурдараак Техас штатындагы Walmart соода борборунда 21 жаштагы тургун элди аткылап, 20 кишинин өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0