Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма Асад. Архив

Сирия президентинин жубайы Асма Асаддын рактан айыкканы айтылды

1581
(жаңыланган 10:44 05.08.2019)
Былтыр август айында Асма Асаддын төшүнөн шишик табылган. Биринчи айым ошондон бери дарыланууда болчу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма Асад онкологиялык оорусун бир жылдык дарылануудан кийин жеңгенин РИА Новости президент сарайынын маалымат кызматына шилтеме берип жазды.

"Рак оорусу менен бир жыл бою күрөшүп, үмүт менен дарыланып жүрүп жакшы болуп кеткен урматтуу Асма Асадды Сириянын жетекчилиги менен президенттик канцеляриянын кызматкерлери куттукташты", — деп жазган өлкө башчынын маалымат кызматы.

Өз кезегинде биринчи айым аны колдогон сириялыктарга ыраазычылык билдирген. Ал оору-сыркоого кабылгандарга ден соолук, Сирияга тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Былтыр август айында Асма Асаддын төшүнөн коркунучтуу делген биринчи баскычтагы шишик табылган. Январдын этегинде операция жасалып, биринчи айым ошондон бери дарыланууда болчу.

1581
Белгилер:
рак, Башар Асад, Сирия
Тема боюнча
Кадимки шире ракка кабылтат деп ким ойлоптур. Окумуштуулардын иликтөөсү
Аялдарга өзгөчө кооптуу. Дарыгерлер кант диабетинин жаңы коркунучун таап чыкты
Британиялык актер Шон Коннери. Архив

Белгилүү актёр Шон Коннери көз жумду

60
(жаңыланган 20:34 31.10.2020)
Дүйнөгө белгилүү актёр 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Анын жалпы жонунан үч “Алтын глобусу” бар.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Британиялык актёр Шон Коннери 90 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу BBC жазды.

Актёр Джеймс Бонд жөнүндөгү тасмалардан сырткары, 70тен ашык кинодо роль жараткан. 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Актёрдун үч “Алтын глобусу” бар.

Анын уулу Жейсондун айтымында, Коннери Багам аралдарындагы Нассау шаарында көз жумган. Ал бир нече күндөн бери ооруп жүргөн.

60
Белгилер:
Шон Коннери, каза болду, актер
Тема боюнча
"Форрест Гамп" романынын автору көз жумду
Измирдеги жер титирөөдөн кийин куткаруучулар иш учурунда

Измирде уранды алдында калган төрт киши бир суткадан кийин тирүү табылды

69
(жаңыланган 19:23 31.10.2020)
Аман-эсен табылган төрт адамдын экөө аял, бирөө эркек жана бирөө бала. Куткаруучулар жана окуя болгон жерде тургандар аларды кол чаап тосуп алышкан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Измирдеги жер титирөөдөн кийин куткаруучулар уранды алдынан төрт адамды тирүү алып чыгышкан. Алар талкаланган үйлөрдүн алдында бир сутка жаткан. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен маалымдады. 

Билдирмеге ылайык, куткарылган төрт адамдын экөө аял, бирөө эркек жана бирөө бала. Куткаруучулар жана окуя болгон жерде тургандар аларды кол чаап тосуп алышкан.

Уранды алдында дагы бир нече адам бар экени божомолдонууда. Анын ичинде имаратта жайгашкан кафенин кардарлары да болушу ыктымал.

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

Жер силкинүү Грециянын аралында да сезилип, жергиликтүү сейсмологдор анын күчүн 6,9 баллга жетти деп баалашкан.

Измирдин жер титирөөдөн коркуп калган тургундары таңды көчөдөн атырды

Измирдеги жер силкинүүдөн 20дай имарат талкаланганы айтылууда. Акыркы маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан 26 адам каза болуп, 831 киши жабыркаган.

Ал эми Грециянын Самос аралында эки адам көз жумуп, 20дай адам жаракат алган.

69
Белгилер:
куткаруучу, урандылар, имарат, жер титирөө, Измир, Түркия
Тема:
Измирдеги жер титирөө
Тема боюнча
Түркиядагы зилзала. Каза болгондордун саны 24кө жетип, 804 киши жабыркады
Түркиядагы зилзаладан 200дөн ашык адам жабыркап, каза болгондордун саны өсүүдө
Унаа жол кырсыктан кийин. Архив

Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 22:59 31.10.2020)
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Боом капчыгайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду. Бул тууралуу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 31-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып парапетти коюп кеткен. Окуянын кесепетинен унаадагы жүргүнчү каза таап, айдоочусу ооурканага жаткырылган. Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Өзгөндө жеңил унаа каналга түшүп кетип, 72 жаштагы айдоочу көз жумду
ӨКМдин комиссиясы Бишкек — Ош жолун текшерип Төө-Ашууга барды. Видео