Июль тарыхтагы эң ысык ай болду

© AFP / JOHANNES EISELEФонтандагы сууга түшүп жаткан адамдар. Архив
Фонтандагы сууга түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн айдагы абанын температурасы 2016-жылдагы рекорддон да ашып өткөн.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Copernicus программасынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзгөн Европа кызматынын иликтөөсүндө 2019-жылдын июль айы глобалдуу байкоолордун тарыхында эң аптаптуу ай деп көрсөтүлгөн.

Докладда өткөн айдагы абанын температурасы 2016-жылдагы рекорддон да 0,04 градуска ашып өткөнү айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын июлунда Батыш Европада жана башка мамлекеттерде адаттан тыш ысык катталып, жогорку температуралар байкалган. 

Виджет news

 

Жаңылыктар түрмөгү
0