Түрмө. Архивдик сүрөт

Кызга айланып абактан качам деген наркобарондун сөөгү табылды

Абактын кызматкерлери кылмышкер өз жанын кыйышы мүмкүн деп болжоп жатат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өзүнүн кызынын кейпин кийип качууга аракет кылган бразилиялык наркотөбөл Клаувино да Сильванын сөөгү өзү отурган түрмөдөн чыкты. Бул туурасында The Guardian басылмасы кабарлады.

Колониянын кызматкерлери наркобарон өз жанын кыйышы мүмкүн деген божомолун билдирген.

Буга чейин ушул эле басылма Клаувино да Сильва ага жолугуу үчүн абакка келген кызынын кийимин жана силикон беткапты кийип алып түрмөдөн качып чыгууга аракет кылганын жазган.

Наркотөбөлдүн адаттан тыш тынчсыздануусу абактан качып чыгуу планын бузган. Полиция кызматкерлери өзүн аябай олдоксон алып жүргөн "кызга" көңүл буруп, кармап калышкан.

Да Сильва Бразилиядагы "Кызыл тайпа" аттуу кылмыштуу топтордун биринин жетекчиси болгон. Алар 2005-жылдары Рио-де-Жанейронун эң кооптуу делген аймактарынын 53 пайызын бийлеп турган.

Белгилер:
наркобарон, кыз, өлүм, Бразилия
Тема боюнча
Тажикстан: түрмөдөгү козголоңдо 29 кылмышкер каза болду
БУУнун желеги. Архив

БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган демилгени бир добуштан колдоду

(жаңыланган 17:51 20.04.2021)
Расмий Бишкек демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Резолюциянын негизги максаты — 2030-жылдын күн тартибин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иштерди жүргүзүү. Муну менен келечек муунду таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.

"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Белгилер:
чек ара, жаратылыш, резолюция, демилге, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш. Архив

Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди

(жаңыланган 16:14 20.04.2021)
Эл аралык уюм былтыр токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригенин айтып, климат ушул боюнча кете берсе дүйнө алапайын таппай каларын айткан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.

"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.

Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.

Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.

Белгилер:
климат, жаратылыш, дүйнө, Антониу Гутерриш, БУУ
Тема боюнча
БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты

Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги

(жаңыланган 20:21 20.04.2021)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, жапайы кыргоол жана бөдөнө өстүрүүнү колго алган.

Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.

— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.

— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.

— Көбөйтүү жолу кандай болот?

— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.

— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?

— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.

— Кыял-жоруктары кандай болот экен?

— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.

— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.

— Ооба, учурда бөдөнөнүн үч түрүнөн 130ду багып жатам. Буюрса, миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Айылда жумурткаларын атайын буюртма менен шаардан алдыртып ичкендер көп. Андыктан бул чарбачылыкты да өнүктүрүүнү туура көрдүм. Ошондой эле эки жапайы кыргоол алып келгем. Кийин бири өлүп калды. Азыр жумурткасына буюртма бергем, келип калса инкубаторго салып чыгарып алабыз.

— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?

— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.

— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?

— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.

Белгилер:
канаттуулар, кыргоол, бөдөнө, чарбачылык, мал, куш, төө, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек