Чиркей. Архивдик сүрөт

Чиркей кандай адамдарды чагат? Окумуштуулардын аныктамасы

4747
Адистер кандын тобун карап аныктама чыгарышкан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чиркей туш келди эле кишини чага бербей турганын "Известия" окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Адистердин айтымында, көбүнесе чиркейлер бардыгын туш келди чагат деген пикир бар. Анткен менен алар дагы "тандап" азыктанышат экен.

"Каны биринчи топтогулар чиркейдин биринчи курманы. Алар бул топту таттуу деп эсептешет", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле чиркейлер чоңураак кишилерди көп чагары, кичинекей балдарга чанда жолой турганы айтылат.

4747
Белгилер:
кан, адам, чымын-чиркей
Тема боюнча
Кенеден сактануунун жолдору
Чиркей чаккан немис аялдын жарааты кабылдап колу менен бутунан ажырады
Кытай окумуштуулары чиркейди эки чакырым алыстыктан "тааныган" радар жасап жатат
Тажикстанда Бузулгус бир туугандык — 2021 машыгуулары

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу аяктады. Видео

69
(жаңыланган 17:27 24.10.2021)
Аскерлер чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Бузулгус бир туугандык — 2021" машыгуулары аяктады.

Россиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысы Александар Лепин аскерлердин тактикалык машыгуусу ЖККУга мүчө-мамлекеттерди ар кандай террордук коркунучтардан коргоого багытталганын айтканын RT жазды.

"ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн Тажикстандагы масштабдуу машыгуусу Афганистанда курчуп кеткен кырдаалга жооп берүүчү маанилүү кадам болду", — деди Лапин.

Бул машыгуунун өзгөчөлүгү чалгындоонун жаңы каражаттарын колдонуу, радиоэлектрондук күрөш, байланыш, материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыздоо болду. Мисалы, "Издөө — 2021" машыгуусунда коркунучтарды алдын ала билүүгө жана кол салуу аракетине сокку берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган эффективдүү чалгындоону башкаруу системасы пайдаланылган.

ЖККУнун жааматтык күчтөрү чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.

69
Белгилер:
ЖККУ, Тажикстан, машыгуу, Аскер
Тема боюнча
Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык
Тажикстанда кайрадан ЖККУнун аскердик окуулары. Машыгуунун максаты, каражаттары
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен Ташкентте добуш учурунда

Күйөө бала, неберелери. Мирзиёев бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди. Сүрөт

151
(жаңыланган 15:53 24.10.2021)
Саат 11:00гө карата добуш берүүгө 6 669 522 адам же шайлоочулардын 33,6 пайызы катышып, президенттик шайлоо өттү деп таанылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди.

Өлкө президентинин сайтына чыккан сүрөттөрдөн Мирзиёев жубайы Зироатхон, кыздары Саида, Шахноза, күйөө балдары Ойбек, Отабек, кичүү уулу Давран жана неберелери менен келгенин көрүүгө болот.

  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Өлкө президентинин сайтына чыккан сүрөттөрдөн Мирзиёев жубайы Зироатхон, кыздары Саида, Шахноза, күйөө балдары Ойбек, Отабек, кичүү уулу Давран жана неберелери менен келгенин көрүүгө болот
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
  • Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев во время голосования на президентских выборов в Ташкенте. 24 октября 2021 года
    Коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда
    © Фото / пресс-служба президента Узбекистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба президента Узбекистана
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди

Коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышып жатат.

Саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө 6 669 522 адам катышты. Бул шайлоочулардын (19,86 миллион) 33,6 пайызын түзүп, президенттик шайлоо өттү деп таанылды. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, босого чек 33 пайыз деп белгиленген.

151
Белгилер:
Өзбекстан, шайлоо, Шавкат Мирзиеев, үй-бүлө
Тема боюнча
Мирзиёев кайрадан президент болууга аттанды, ага аял киши атаандаш болот
Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды
Парктагы кишилер. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
25-октябрга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын аймагында +7...+12 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.

0
Белгилер:
октябрь, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы