Түн ичинде дааратканага көп баруу кайсы дарттын белгиси? Иликтөө

CC0 / pixabay / NinaMarieЗнак уборной
Знак уборной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноктуриянын эң негизги кооптуулугу — анын түн уйкуну бузушунда.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түн ичинде дааратканага көп баруу же ноктурия адамды кант диабети, иммунитеттин алсызданышы, жүрөк оорусу менен онкологиялык дарттарга чалдыгып калуудан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу британиялык окумуштууларга таянуу менен The Sun жазды.

Басылманын маалыматында, ажатканага көп баруу адамдын психикасына да терс таасирин тийгизери айтылат. Киши болор-болбоско тынчсызданып, депрессия, психозго кабылышы ыктымал.

"Адамдар дааратканага баруу үчүн түн ичинде ойгонууну карылык деп эсептешет, бирок бул карылыктын белгиси эмес", — дейт уролог Ван Керребрек.

Ноктуриянын эң негизги кооптуулугу — анын түн уйкуну бузушунда. Бул дартка организмдин заараны нормадан көп бөлүп чыгарышы себеп жана диабеттин белгиси да болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0