Түгөй. Архивдик сүрөт

Түгөйүң көзүңө чөп салып жүргөнүн оңой эле байкоого болот. Иликтөө

8589
(жаңыланган 12:27 10.08.2019)
Детектив бул жааттагы ишти аныктоодо тажрыйбасы мол экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Австриялык жеке детектив түгөйлөрдүн бири-биринин көзүнө чөп салып жүргөнүнүн биринчи белгилери тууралуу айтып бергенин Daily Mail жазды.

Адис ишендиргендей, жуптардын ала жипти аттаганын көндүм адаттарынын бир туруп эле өзгөрүп баштаганынан билүүгө болот.

"Эгер жигитиңиз же сүйлөшкөн кызыңыз сизге ишенбей жатса, анын аракеттерине тыкыр көңүл буруңуз. Мисалы, уюлдук телефонундагы жазышууну сизге көрсөтпөшү үчүн экранын ылдый каратып коюшу мүмкүн", — деп кеңеш берген детектив.

Детектив бул жааттагы ишти аныктоодо тажрыйбасы мол экендигин белгилеген.

Буга чейин адистер төшөк кумары жөнүндө 5 миф тууралуу айткан.

8589
Белгилер:
түгөй, иликтөө
Тема боюнча
Төшөк кумары жана спорт... Эске тутууну жакшыртчу төрт ыкма аталды