Кытайда жүрөк үшүн алган катуу тайфун болуп, миңдеген адам жабыркады. Видео

© REUTERS / CHINA STRINGER NETWORKПоследствия супертайфуна "Лекима" в КНР
Последствия супертайфуна Лекима в КНР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигый кырсыктын кесепетинен 200дөн ашуун имарат талкаланган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кытайда "Лекима" тайфунунан 13 адам каза таап, 16сы дайынсыз болууда. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

Табигый кырсык катталып жаткан аймакта шамалдын ылдамдыгы секундасына 52 метрге жетти. Кытайдын борбордук метеорология кызматы жума күнү супертайфун жакындап келе жатканын кабарлап, шашылыш эскертүү тараткан.

"Лекима" тайфуну Чжэцзян провинциясын каптап, 200дөн ашуун имарат талкаланган. Окуя болгон жерде 13 адам каза таап, 16сы дайынсыз экени айтылат. Ошондой эле 3200 адам ар кандай жаракат алды. Азыркы тапта үч миллиондон ашуун тургундун өмүрү куркунучта турат. Кооптуу аймактан миңдеген киши эвакуацияланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0