Bloomberg дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмесин жарыялады

© AFP / STRАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин сап башына Walmart супермаркеттер түйүнүнө ээлик кылган америкалык Уолтондордун үй-бүлөсү илинген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Bloomberg агенттиги дүйнө жүзүндөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмесин түздү.

Маалыматка ылайык, тизменин сап башына Walmart супермаркеттер түйүнүнө ээлик кылган америкалык Уолтондордун үй-бүлөсү илинген. Анын байлыгын агенттик 190,5 миллиард доллар деп баалаган. Былтыркы жылы Уолтондор 39 миллиард доллар киреше көргөн.

Экинчи орунда Марстардын бүлөсү турат. Аталган үй-бүлө Mars, Milky Way шоколаддарын, M&Ms конфетин өндүрүшөт. Бул бүлөнүн байлыгы 126,5 миллиард доллар.

Үчүнчү орунду бир туугандар Чарльз жана Дэвид Кохи ээлеген. Алар Koch Industries мунай-химия корпорациясын жетектешет. Байлыгы былтыр 26 миллиард доллар болсо, азыр 124,5 миллиард долларга жеткен.

Основатель и главный исполнительный директор Amazon Джефф Безос - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 117 млрд. долларын жоготту. Себеби
Төртүнчүгө Сауд Аравиядан Аль-Сауд падышалык династиясы илинген. Алардын жылдык кирешеси 100 миллиард долларды түзөт.

Бешинчи орун Chanel парфюмерия үйүнө ээлик кылган Ален жана Жерар Вертхаймерлерге буюрган. Алардын байлыгы 57,6 миллиард доллар экендиги маалым болду.

Алтынчы орунга Hermes мода үйүн башкарган Дюма илинген. Анын жылдык кирешеси 53,1 миллиард доллар. Жетинчиге сыра чыгарган Anheuser-Busch InBev компаниясын караган бельгиялык үч династия — Ван Дамм, Спулберх жана Де Мевиус чыккан (52,9 миллиард доллар). Сегизинчи орунду Boehringer Ingelheim фармацевтикалык концернин башкарган Берингер жана фон Баумбах аттуу немец үй-бүлөсү ээлеген. Тогузунчуга Reliance Industries аттуу Индиянын өнөр жай тобун көзөмөлдөгөн Амбани бүлөсү чыккан (50,4 миллиард доллар). Тизмени америкалык лидерлер Каргилл жана МакМиллан жыйынтыктаган. Алар жылдык кирешеси 42,9 миллиард доллар болгон Cargill азык-түлүк компаниясын жетектешет.

Бир жыл ичинде дүйнөдөгү эң бай 25 бүлөнүн байлыгы 24 пайызга өскөн. Ал эми Bloomberg агенттигинин серепчилеринин эсеби боюнча, жалпы мал-мүлкү 1,4 триллионду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0