БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Күндүз уйкуга батуу деменциянын (мээнин айнышы — ред.) өрчүп кетүү коркунучу бар экенинен кабар берет. Бул тууралуу Science Translational Medicine журналына жарыяланган америкалык окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылат.
Адистер терең фазадагы уйку дефицитине кабылган 60 жаштан жогорку курактагы 119 кишинин маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Алардын мээ толкунуна байкоо салуу үчүн электроэнцефалографиялык көчмө мониторлорду колдонушкан.Натыйжада бейтаптарда мээдеги нейрондорду талкалаган тау-белогу жогору экени аныкталган. Мындай терс эффектинин жаралышына түнкүсүн адамдардын терең фазадагы уйкуга бата албагандыгы жана күндүзгү уйкуга берилгендиги себеп болгон.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Евровидение-2021" сынагына Россиянын атынан Manizha аттуу ырчы катышат.
Маалым болгондой, ал көрүүчүлөрдүн көп добушун топтоп жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 8-март күнү Биринчи каналдан айтылган. Аталган сынакка катышуу үчүн "2Маши" жана Therr Maitz топтору да ат салышкан.
"Евровидение" сынагы былтыр коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл эл аралык сынак 18-22-майда Роттердамда (Нидерланд) өтүп, ага 41 өлкөнүн өкүлү катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара кадимки тартипте өтөт. Бирок делегация курамы менен журналисттердин саны кыскартылат. Ошондой эле шоуга көрүүчүлөр кирер-кирбеси азырынча белгисиз.
Россиянын Бердск шаарынын спортчулары дээрлик 600 метр бийиктикте туруп өнөрүн тартуулашкан.
Алар дүйнөдө биринчи болуп асманга көтөрүлгөн учурда концерттик программасын аткарганы белгиленет. Гимнасттар муну менен эле чектелбей, дагы да көп ыкмаларды жасай турганын айтышкан.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата үч күн катары менен эс алат.
Быйылкы 21-марттагы Нооруз майрамы жекшемби күнгө туура келет. Буга байланыштуу майрамдык дем алыш күн дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылат.
Мындан улам өкмөттүн токтомуна ылайык, 20 (ишемби), 21 (жекшемби) жана 22-март (дүйшөмбү) күндөрү кыргызстандыктар эс алат.