Берлиндин мурдагы аэропортуна сойкукана ачуу сунушталды

© AFP / JUNI KRISWANTOПроституция в Индонезии
Проституция в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сунушту Берлиндин Митте аймагынын мэри киргизди.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Берлинде паркка айланган Темпельхоф атындагы аэропортто сойкулардын кызматы көрсөтүлүп башташы мүмкүн. Бул тууралуу BBC телеканалы кабарлады.

Рейд против проституции в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Алматыда кыргызстандык кыздар сойку болуп иштеп жүргөн жай табылды
Ага ылайык, ар бир кардар өзүнүн автоунаасында эле сойкунун кызматын пайдалана алат.

Мындай сунушту Берлиндин Митте округунун мэри Стефан фон Дассель берди.  Жашылдар партиясынын өкүлү мындай ыкма менен Курфюрестенштрассе көчөсүндөгү сойкулукка каршы күрөшсө болорун белгилейт.

Жергиликтүү тургундар бийликтен абалды жөнгө салуусун көптөн бери суранып жүрүшкөн.

"Жергиликтүү эл менен бизнес коомчулугу көп жылдардан бери көчөдөгү сойкулукка тыюу салууга чакырып келет", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда шаардык сенат сойкулукка тыюу салууга ашыкпайт. Себеби чектөө коюлса абал курчуп кетет деп кооптонушууда.

Фон Дассель сойкукананы мурдагы аэропорттун аймагында ачуу сойкуларды иш менен камсыздайт деген пикирде. Ал бул жерде атайын комплекс куруп, кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жабык түрдөгү күркөлөрдү орнотуу керектигин сунуштап жатат.  Бирок жергиликтүү тургундар мындай сунушка макул эмес. Өзүн Сара Тиба деп тааныштырган аял сойкулук Берлиндин көптөн бери келе жаткан өзгөчөлүктөрүнүн бири экенин айтат. Андан сырткары, сойкулардын жабык жерде болушу алардын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0