Тери рагына чалдыккан адам кесели тууралуу кантип биле алат?

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүКан алып жаткан дарыгер. Архив
Кан алып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теринин жалпак клеткалуу рагы баштын терисинде, моюнда жана колдун астында болору айтылат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Онкологиялык илдет менен жабыркаган канадалык Трейси Френч көп убакыт бою теридеги шишигин бырыш деп ойлоп жүргөнү тууралуу коомчулук менен бөлүшкөнүн "Известия" жазды.

Центр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Рак менен ооругандардын дары-дармегин оңой сатып алуу жолу каралууда
Аял эриндин үстүндөгү ачык гүлгүн түстөгү такка көңүл бурбай жүрүп, кийин ал кызыл бүдүрала исиркекке айланып кеткен. Мындан улам Френч дарыгерге кайрылган. Биопсия анда теринин жалпак клеткалуу рагы бар экендигин көрсөткөн. Шишиктин мындай түрү баштын терисинде, моюнда жана колдун астында болору айтылат. Ал алгач кызыл исиркек же карттана элек жарааттай туюлат.

Френч операция жолу менен теридеги шишиктерин алдырып, учурда абалы жакшырып бара жатканы белгиленет.

Адистер калдардын, сепкилдердин же жөн гана теринин өзгөрүшү тери рагынын белгилери экенин айтып беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0