Үч метрлик аллигатор жолду бууп салганда. АКШдагы видео

© AFP / RHONA WISEАллигатор. Архив
Аллигатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Пинеллас-Парк шаарында болгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ири аллигатор Флорида штатындагы унаа жолду жаап алган. Бул туурасында Daily Mail жазды. 

Окуя Пинеллас-Парк шаарында болгон. Маалыматта үч метрлик аллигатор жолдон өтүүгө аракет кылып жатканы айтылат.

"Унаам менен жол чырактын жанында тургам. Жаныман крокодил сойлоп өтүп бара жатканын көрүп жүрөгүм оозума тыгылып калды", — деген видеону тартып алган жергиликтүү тургун Роджер Лайт.

Бир аз убакыттан кийин ыкчам кызматтагылар крокодилди кармап кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0