Смартфондун мээни алсыратып чарчаткан терс жагы айтылды. Иликтөө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТелефондун камерасына тартып жаткан адамдар. Архив
Телефондун камерасына тартып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар телефон алагды кылып, ойду бир жерге топтоого жолтоо болот деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Алаксуу үчүн мобилдик телефон колдонуу мээни эс алдырбай эле, тескерисинче, аны алсыратат. Бул тууралуу окумуштуулардын айтканына таянуу менен Eurekalert порталы жазды.

Кандидат медицинских наук, офтальмолог Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Түндө телефонду көп тиктесе кесепети кандай болот? Офтальмолог Мамытова менен маек
АКШнын Ратгер университетинин илимпоздору 414 студенттин катышуусунда эксперимент жүргүзгөн. Алар 20 тамганы тере турган анаграмма түзүшкөн. Шарт боюнча алгач 10 тамганы терип, бир аз эс алгандан кийин башка 10 тамганы терүү керек болгон. Дем алуу учурунда катышуучуларга белгиленген акчага дүкөндөн үч буюм сатып алып, эмнеге таянып соода жасаганын түшүндүрүп берүү тапшырылган. Үч топтун мүчөлөрү тапшырманы смартфондон, компьютерден жана кагазга жазып аткарышкан.

Натыйжада смартфон пайдаланган студенттерге берилген тапшырманы аткаруу үчүн башкаларга салыштырмалуу 19 пайызга көбүрөөк убакыт керектелген. Алардын көрсөткөн жыйынтыгы да начар болуп чыккан, тапшырманын 22 пайызга азын аткарышкан.

Окумуштуулар телефон алагды кылып, ойду бир жерге топтоого жолтоо болот деп эсептешүүдө.

"Экранды карап эле коюу билдирүүлөрдү, жазышууларды, келип жаткан маалыматтарды бир текшерип коюуну шарттайт", — дешти илимпоздор.

Алардын айтымында, ноутбук же комьютердин смартфон сымал азгырыгы азыраак.

Жаңылыктар түрмөгү
0