Facebook колдонуучусу өзү тууралуу маалыматты башка сайттан көзөмөлдөй алат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай опцияны биринчилерден болуп Ирландия, Түштүк Корея жана Испаниянын жашоочулары колдоно алат, бир нече айдан кийин башка мамлекеттерге тарайт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Facebook колдонуучуларына башка сайттардан өздөрү тууралуу маалыматтарды көрүп жана көз салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ишке кире турчу кызмат тууралуу социалдык тармак расмий блогунда билдирген.

Жаңы кызмат "Facebook тармагынан тышкары ишмердүүлүк" (Off-Facebook Activity) деп аталат.

"Off-Facebook Activity тиркемелердеги жана сайттардагы сиздин ишмердүүлүгүңүз тууралуу маалыматтарды жиберип турат. Кааласаңыз маалыматты аккаунттан өчүрүп койсоңуз болот", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Instagram баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Instagram баракчасындагы фейктерди маалымдоого жол ачылды. Жаңы функция
Аталган функция акырындык менен ишке кире тургандыгы айтылат. Аны биринчилерден болуп Ирландия, Түштүк Корея жана Испаниянын жашоочулары колдоно алат. Бир нече айдан кийин башка мамлекеттерге тарайт.

Facebook түзүүчүлөрү мындай опцияны ишке ашыруу менен колдонуучуларга соцтармактын иштөө принциби жана ченемдери тууралуу кенен маалымат берүүнү ниет кылышканын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0