Анар. Архив

Анар ширеси түйүлдүктүн мээсине да таасир этет. Жаңы иликтөө

1044
Окумуштуулар түйүлдүккө алты ай толгондон тарта витаминдер өтө зарыл экенин айтат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кадимки анар ширеси кош бойлуу аялдын канын гана көбөйтпөстөн, курсактагы баланын мээсине дагы таасири күч. Мындай бүтүмгө көп жылдык иликтөөлөрдөн кийин Массачусетстеги (АКШ) Аялдар ооруканасынын адистери келди.

Daily Mail басылмасынын иликтөөгө таянып жазганына караганда, анар ширеси жатында өтө жай өсүп жаткан түйүлдүктөргө өзгөчө пайдалуу.

"Ширедеги полифенол микроэлементи неврологиялык ооруларды чакыра турган клеткаларды жок кылуу жөндөмүнө ээ. Андыктан аял кош бойлуу кезде күнүнө 250 граммдай анардын ширесин ичип койсо ашыкча болбойт", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулардын айтымында, түйүлдүк кош бойлуулуктун 24чү жумасынан тарта өтө тездик менен өсөт. Дал ошол маалда аялдын ден соолугунда мүчүлүштүктөр болсо, курсактагы балага кычкылтек жана кан жетиштүү өлчөмдө жетпей калат. Мындайда түйүлдүктүн дем алуусу оорлоп, калыптанып жаткан мээге доо кетиши мүмкүн.

Андыктан ушул аралыкта анын мээсине пайдалуу заттар жана витаминдер түрүндө ар тараптан колдоо зарыл.

1044
Белгилер:
Окумуштуулар, шире, мээ
Тема боюнча
Жаңы Зеландияда жол кырсыгына кабылган аял семиз болгону үчүн аман калды