Жылына 90 миллион доллар. Forbes эң көп киреше тапкан 10 актёрду атады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГолливуд актерлору Джереми Реннер, Крис Хемсворт, Скарлетт Йоханссон жана Роберт Дауни младший. Архив
Голливуд актерлору Джереми Реннер, Крис Хемсворт, Скарлетт Йоханссон жана Роберт Дауни младший. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кирешелүү актёрлордун көбү "Мстители" тасмасына тартылгандар экени аныкталган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Америкалык Forbes журналы бир жылда эң көп киреше тапкан актёрлордун тизмесин жарыялады.

Forbes рейтингди түзүүдө 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июнь айына чейинки убакытты алган. Тизменин сап башына жакында сүйүктүүсүнө баш кошкон Дуэйн Жонсон чыккан.

Эң кызыгы, тизмеге кирген 10 актёрдун дээрлик жарымы "Мстители" тасмасынын актёрлору.

  • Дуэйн Жонсон — 89,4 миллион доллар
  • Крис Хемсворт — 76,4 миллион доллар
  • Роберт Дауни — 66 миллион доллар
  • Акшай Кумар — 65 миллион доллар
  • Джеки Чан — 58 миллион доллар
  • Брэдли Купер — 57 миллион доллар
  • Адам Сэндлер — 57 миллион доллар
  • Крис Эванс — 43,5 миллион доллар
  • Пол Радд — 41 миллион доллар
  • Уилл Смит — 35 миллион доллар
Жаңылыктар түрмөгү
0