Мээсинде курт бар экенин 30 жылдан кийин билген. Кытайдагы окуя

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак халатчандар курт адамга булактын суусу аркылуу кирип кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кытайдагы Цзянси провинциясынын жашоочусу отуз жыл бою мээсинде он сантиметрлик курт бар экендигин билбей жашап жүргөнүн РИА Новости жазды.

Ооруканадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дени соо балага 13 жолу операция жасаткан эне. Сотко чейин жеткирген окуя
Эркек кишинин башы 1989-жылдан тарта (агезде 29 жашта болчу) ооруп баштаган. Биринчи жолу илдети карта ойноп жатканда кармаганын айткан. Анда буту-колу калчылдап, оозунан көбүк атып, эси ооп калган.

Ошондон бери ден соолугу жакшырбай койгон. Дарыгерлерге кайрылганы менен майнап чыккан эмес.

Ушул жылдын июль айында магниттик-резонанcтык томографияга түшкөндө мээсинде 10 сантиметрлик курт бар экендиги аныкталган. Дарыгерлер аны операция жолу менен алып чыгышкан. Ак халатчандар курт адамдын ичине булактын суусу аркылуу кирип кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0