Индияда сагыздын айынан аялына талак берген эркек соттолмой болду

© AFP 2023 / SAM PANTHAKYИндиялык жубайлар. Архив
Индиялык жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индияда талак жолу менен ажырашууга 2017-жылы тыюу салынган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Индияда кадимки сагыздын айынан эрди-катын ажырашып, эми күйөөсү соттолуу алдында турат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Уттар-Прадеш штатындагы Лакхнау шаарында жашаган Сайед Рашид аялы менен түтүн булатып келе жатканына 15 жыл болгон. Өткөн айда ал жубайы менен жайбаракат сүйлөшүп отуруп, ага сагыз сунган. Аялы чайнабайм дегенине карабай, кайра-кайра айта берип, аягында экөө уруша кеткен. Ошол маалда кыжыры келип турган Рашид жубайына үч ирет талак берип койгон.

"Эми анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, жубайлар 19-август күнү соттун биринчи отурумуна келишти. Мыйзамга ылайык, аялына талак бергендиги үчүн эркек бир нече жылга эркинен ажырашы мүмкүн", — деп жазылат макалада.

Ростовский родильный дом № 5 - Sputnik Кыргызстан
Индияда кыз-эркеги билинбеген өзгөчө бала төрөлдү. Сүрөт
Көрсө индиялык мусулмандар арасында талак жолу менен ажырашуулар көбөйүп кетип, Жогорку сот аялдардын укугун коргоо максатында 2017-жылы "талак" түшүнүгүнө мыйзамдуу түрдө тыюу салыптыр. Ошондон бери үч сөз айтып эле ажырашам деген эркектердин саны кескин азайган.

Талак — арабчадан которгондо "бошотуу". Мыйзамды эске албастан, шарият эрежелерине ылайык үч ирет "талак" деген сөздү айтып туруп оозеки ажырашуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0