Стоматолог тиштин эмалын бузган 10 азыкты атады

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТиш докутур. Архив
Тиш докутур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдалган суусундуктар эң негизги "зыянкеч" болуп чыкты.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, стоматолог Дмитрий Смирнов кайсы азык-түлүк тиштин эмалын кетире турганын айтып бергенин "Известия" жазды.

Дарыгер эң негизги "зыянкеч" катары газдалган суусундуктарды атаган. Алар тиштин бактериядан коргой турчу кабыгын бузуп, терс таасирин тийгизген микрофлораны пайда кылат. Ошондой эле набат, карамель, ирис жана сагыз кариести шарттайт.

Толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: ашыкча салмак адамды ысыктан сактайт
Адис тишке жабышчаак келген ботко, жумуртка, балыктын уругу, кургатылган жемиштер да кариести пайда кыларын белгилеген. Стоматолог мындай азыктарды жегенден кийин тишти жууп туруу керектигин эскертти.

Тиштин катуу тканын кычкыл жемиштер менен ширелер дагы бузары белгиленет. Дарыгердин айтымында, андай учурда суусундуктарды түтүкчө менен ичүү дагы жардам бербейт. Ошондуктан адис азыктангандан кийин оозду чайкап турууну же курамында шекери жок сагыз чайнап коюуну сунуштаган.

Тиштин "душмандарынын" катарында кыям, соустар жана чөп-чар менен жасалган салаттар бар. Кыямдагы жана салаттагы жер-жемиш, өсүмдүктөрдүн майда сөөктөрү, данектери тиштин араларына тыгылып кала берсе, соустун ичиндеги ачуу, таттуу курамдар тишке зыянын тийгизет.

Андан тышкары, маринад тишти гана эмес, анын эттерин дагы жабыркатары кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0