Трамп G7 лидерлери менен мамилеси кандай экенин айтып берди

© REUTERS / POOLЛидеры стран G7 на заседании во французском Биаррице. 25 августа 2019 года
Лидеры стран G7 на заседании во французском Биаррице. 25 августа 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ири жетилик" 1976-жылы түзүлгөн. Ага экономикалык жактан жакшы өнүккөн жети мамлекет кирет.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп бир катар ЖМКлардын "ири жетиликтин" башка лидерлери менен мамилеси жакшы эмес деген кепке жооп берди. Өлкө башчы пикирин Twitter баракчасына жарыялаган.

Трамптын айтымында, "бир катар фейк жана ыплас ЖМКлардын жазгандары суу кечпейт".

"Мен Францияга келерден мурун бир катар басылмалар менин G7 өлкө лидерлери менен мамилем начар экени, алдыдагы эки күн катастрофалардын маалы болорун жазышты. Биз сонун жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Президенттердин бири-бири менен болгон мамилеси абдан жакшы", — деп жазган Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШ менен Россиянын мамилесине доо кетирген иликтөө тууралуу айтты
Президент айрым "фейк ЖМКлар" АКШны экономикалык жактан алсыздандырууга жана элди ошондой болот деп ишендирүүгө аракет кылып жатканын айтты. Трамптын айтымында, бул анын 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кайра шайланышына жол бербөө үчүн жасалып жатат.

Белгилей кетсек, ишемби күнү Франциянын Биарриц шаарында "ири жетиликтин" саммити башталды.

G7 — бул Улуу Британия, Германия, Италия, АКШ, Франция жана Япония кирген, башкача айтканда, экономикалык жактан жакшы өнүккөн жети мамлекеттин бирикмеси. 1976-жылы түзүлгөн уюмга 1997-жылы Россия кошулуп, ал G8 деп аталып калган. 2014-жылдын март айында Украинадагы кырдаалга байланыштуу жана АКШ менен Европанын Россия менен болгон мамилесинин солгундашынан улам ошол кездеги Америка президенти Барак Обаманын сунушу менен биримдик кайра G7 форматына өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0