G7 мамлекеттери Амазониядагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө 20 млн. евро бөлөт

© REUTERS / NACHO DOCEПожар в джунглях Амазонки
Пожар в джунглях Амазонки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макрон "планетанын өпкөсүн" жоготуп алуу бул дүйнөнүн көйгөйү экенин белгилеген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. G7 мамлекеттери Амазониянын токойлорунда чыккан өрттү өчүрүүгө тезинен 20 миллион евро жөнөтөт. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдиргенин РИА Новости жазды.

Макрон "планетанын өпкөсүн" жоготуп алуу бул дүйнөнүн көйгөйү экенин белгилеген.

"Бир дагы мамлекет бул биздин маселе эмес дей албайт. Ошол эле учурда ар бир мамлекеттин суверенитетин сыйлоо керек", — деди Франциянын президенти.

Амазониянын токойлорундагы ири өрт үч жумадан бери өчпөй жатат. Тилсиз жоо Бразилия, Венесуэла, Боливия, Колумбия, Аргентина, Парагвай, Перу, Чили мамлекеттеринин аймагына жайылууда.

Бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн Твиттерде #PrayforAmazonia деген хештег менен билдирүүлөр жарыяланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0