Дональд Трамптын уулу менен небереси бир жума боз үйдө жашады. Сүрөт

Жазылуу
Трамптын уулу мындай өзгөчө эс алуудан кийин онлайн жашоого кайтуу оор болгонун айтты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу менен небереси бир жума бою Монголиянын талаасындагы боз үйлөрдө жашады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donald Trump Jr. (@donaldjtrumpjr)

Бул тууралуу президенттин уулу өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

"Уулум Донни экөөбүз өткөн жумада Монголияда боз үйдө жашадык. Узак жолдорду ат жана жол тандабас менен басып өттүк. Жакында көбүрөөк сүрөт салам. Өлкөнүн жаратылышы укмуш экен, мен көргөн эң кооз жерлердин бири болуп калды", — деп жазган ал.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donald Trump Jr. (@donaldjtrumpjr)

Ал ошондой эле мындай өзгөчө эс алуудан кийин онлайн жашоого кайтуу оор болгонун белгилеген.

Бир сутканын ичинде ал жарыялаган сүрөт 70,5 миң "лайк" топтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0