Көпүрөдө отүп бараткан адам. Архив

Эмне болгонун билбей... Адамдар өтүп баратканда урап түшкөн көпүрөнүн видеосу

1254
Кырсык болгонго чейин бул аймакта жамгыр катуу жааган, мындан улам суу улуу келип көпүрөнүн асты жагын жеп кетиши мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Түркияда автоунаалар өткөн чоң көпүрө урап түшүп, эки адам жаракат алды. Бул туурасында Sputnik International агенттиги жазды.

Окуя 26-августа Самсун шаарында болгон. Видео байкоого тартылган кадрдан эки адам көпүрөнүн аягына жетип калганын көрүүгө болот. Бир маалда жер оюлуп ичкери кирип кетет да, алар дарыяга кулаган. Артынан токтоп турган бир автоунаа дагы түшүп кеткен.

Жергиликтүү бийлик кулагандар жеңил жараат алганын билдирди. Ошондой эле ал көпүрө жабылганын, бирок тургундар өз алдынча колдонуп келишкени айтылат. Окуя болгонго чейин катуу жааган жамгыр көпүрөнүн урап түшүшүнө себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

1254
Белгилер:
кырсык, жаракат, көпүрө, Түркиянын Куралдуу Күчтөрү
Тема боюнча
Стамбулда сегиз кабат имарат урап түштү. Алдында ондогон кишилер болушу мүмкүн
Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

3
Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын эбак жыйынтыктап, бирок эл оозунда айтылып келе жаткандар дагы бар.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Толук тизме порталдын сайтына жүктөлдү.

Жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты учурда орточо оор (93 кг) салмакта бел курду тагынып турган америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген.

Төртүнчү орунга UFC уюмундагы чемпиондук наамын бир нече жылдар бою коргоп келип, азыр башка компания менен иштешкен Деметриус Жонсон, ал эми бешинчиге россиялык Федор Емельяненко жайгашкан.

Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

UFC уюмунун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сегизинчи орунга, анын эзелки атаандашы, мурда эки салмак категориясында бел курду тагынып турган ирландиядык Конор Макгрегор 17-орунга татыган.

Кыз-келиндердин арасында бразилиялык Аманда Нуньес лидер болгон. Ал 20-сапка илинсе, UFC уюмунун аялдар арасындагы алгачкы чемпиону Ронда Роузи 44-орунга жайгашкан.

3
Белгилер:
мушкер, рейтинг, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш
Медициналык маска кийген кыз. Архив

Вирусолог Россияда коронавирустун экинчи толкуну качан болорун айтты

167
Адис вирустун кийинки толкунунда өлүм көрсөткүчү азыраак болорун айтып, бирок оорунун массалык түрдө тарашына даяр турууну эскерткен.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Вирусолог жана профессор Анатолий Альтштейн Россияда коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну октябрь-ноябрь айларында башталарын божомолдогонун РИА Новости жазды.

Анын айтымында, коронавирустун таралышы сезонго да жараша болушу мүмкүн. Анткен менен айрым адистердин оору күндүн ысышы менен жок болот деген үмүтү акталган жок.

"Биз жаңылыштык. Ооба, оорунун бир аз төмөндөгөнү байкалды. Эми октябрь-ноябрь айларында күн салкын болуп, аба нымдашканда коронавирус кайра башын көтөрүшү ыктымал", — деген вирусолог.

Адис вирустун кийинки толкунунда өлүм көрсөткүчү азыраак болорун айтып, бирок оорунун массалык түрдө тарашына даяр болууну эскерткен.

"Теория боюнча, убакыттын өтүшү менен вирус адамга ыңгайлашып баштайт. Коронавируска ээсин өлтүрүү эч кандай пайда алып келбейт. Ага бир адамдан экинчисине тарап коюп жүрө берген жакшы", — деген окумуштуу.

ДССУ Кытай менен коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү макулдашты

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныкташып, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыяланган.

Аалам боюнча вирус жуктургандардын саны 18,3 миллиондон ашса, анын 700 миңдейи каза тапты.

167
Белгилер:
божомол, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Собянин Москвада чектөө чаралары качан алынышы мүмкүн экенин айтты
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири