Курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды. Перудагы сүрөт

© AFP / LUIS PUELL / ANDINAКрупнейшее захоронение детей в Лиме
Крупнейшее захоронение детей в Лиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көмүлгөн жерди 500 жылдан кийин табышкан. Археологдор муну көргөндө оозунан сөзү түшүп калгандыгын айтышууда.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. "Перуда курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды",- деп кабарлады BBC.

227 баланын сөөгү Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Алар 5 жаштан 14 жашка чейинкилер дешти.

© AFP / Programa Arqueologico HuanchacoПеруда курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды
Перуда курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Перуда курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды
© AFP / LUIS PUELL227 баланын сөөгү Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Алар 5 жаштан 14 жашка чейинкилер дешти.
227 баланын сөөгү Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Алар 5 жаштан 14 жашка чейинкилер дешти. - Sputnik Кыргызстан
2/2
227 баланын сөөгү Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Алар 5 жаштан 14 жашка чейинкилер дешти.
1/2
Перуда курмандыкка чалынган балдарды көмгөн ири мүрзө табылды
2/2
227 баланын сөөгү Уанчако шаарына жакын жерден табылган. Алар 5 жаштан 14 жашка чейинкилер дешти.

Окумуштуулар кичинекейлер 500 жыл мурда курмандыкка чалынган деп айтышууда. Археологдордун айтымына караганда, кээ бир сөөктөрдө тери жана чачтар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.

Болжол менен бир жыл мурда Перудан курмандыкка чалынган балдардын сөөгүн таап, бул 200 жыл мурда болгондугун болжолдошкон.

Адистердин билдиргенине караганда, кичинекейлердин өмүрүн жаандуу аба ырайында кыйышкан. Сөөктөрдүн океанга багытталып жаткандыгын көрүүгө болот.

"Муну чиму элинин кудайдын ырайымын күтүп, ага табынып кылган курмандыгы деп билсе болот", — дешти адистер.

Жайлоодо тигилген боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара койдун сөөгүн кепинге ороп жерге беришкен... Түлөө берүү жөрөлгөсү
Чимулар Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинин түндүк жээктеринде жашаган жана аймактагы цивилизациясы болуп көрбөгөндөй өнүккөн элдин бири экендиги айтылып келет. Алардын доору 1200–1400-жылдарга туура келет. Кийин бул элди инки деп аталган эл басып алса, кийин аларды испандыктар баш көтөртпөй салган.

Чимулар Айдын кудайы Шиге табынып, аны Күндөн да кубаттуу деп билишкен. Диний ырым-жырымдарын өткөрүү үчүн салт болуп калган курмандык чалууларды өткөрүп турушкан.

Учурда Уанчако аймагында казуу иштери уланууда, ал эми адистер азыркы коомчулуктун төбө чачын тик тургузган сөөктөр табылышы мүмкүн экендигин болжолдоп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0