UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, америкалык Би Жей Пенн

Макгрегордон ашып түшүп... UFC спортчусу мас болуп мушташ чыгарды

3146
(жаңыланган 17:59 29.08.2019)
Видеодо спортчунун белгисиз адамды жерге жаткырып алып уруп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, америкалык Би Жей Пенн мас болуп мушташ чыгарды.

Окуя Гавайи аралдарында болгон. YouTube каналына жүктөлгөн видеодо мушкер белгисиз адамды жерге жаткырып алып уруп жатканын көрүүгө болот.

Пенн ичип алып биринчи жолу чыр чыгарып жатпагандыгы айтылат. Ал июнда стриптиз-клубда мушташып кеткен.

Жакында эле ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун Дублиндеги барда виски ичпей койгон улгайган адамга кол көтөргөн видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинкчерээк спортчу кылыгы үчүн кечирим сураган

3146
Белгилер:
мас, мушташ, мушкер, UFC
Тема боюнча
Өкүнүптүр. Макгрегор улгайган адамга кол көтөргөнү үчүн кечирим сурады